Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

25-ноябрда Бишкек шаарында «Эркиндик үчүн» деп аталган жөө жүрүш өттү. Акцияга журналисттер жана жарандык активисттер катышып, иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстанга кайтарылып келишин талап кылышты. Бирок жөө жүрүштүн башталышында жүздөрүн бекиткен үч-төрт жаран «»НПОчуларга жол жок!», «Азаттык», «Клооп», «Кактус медиа» жана ЛГБТнын пропагандасына жол бербейбиз»  деген плакаттар менен чыгышты. 

«Т-Медиа» акцияга катышкан провокаторлордун лидерин аныктады. 

Туруктуу митингчи

Акцияга тоскоолдук жараткан айымды Facebook социалдык тармагынан таптык

3 2 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Майрам Турсуматова аттуу колдонуучу буга чейин бир нече ирет провокациялык митингдерге катышып жүргөн. Маселен, 2020-жылдын 10-мартында аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылган тынчтык акциясында да провокаторлордун катарында болгон. Эске салсак, элечек кийген аялдар тынчтык акциясын бузушкан. 

4 1 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Мындан тышкары Турсуматова 13-октябрда «Азаттык» үналгысына каршы акцияга катышкан.

5 2 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Жаңы конуштун башчысы

Майрам Турсуматова — Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун № 54-кварталынын башчысы. Бул тууралуу ЭлТРдин сюжетинен көрүүгө болот.

6 2 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Ал Бишкек мэриясы уюштурган иш-чараларга байма-бай катышып жүрөт. 2022-жылы 5-ноябрда өткөн Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайына катышкан.

7 1 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Ленин районунун акими райондун тургундары менен жолугушууларында Турсуматованы байкадык.

8 1 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды
9 1 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

«Бишкек шаарындагы кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө» жобого ылайык, квартал жана үй комитеттери Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгына отчет берет.

Салык төлөбөгөн компания

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Майрам Турсуматова – «Беш канат компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү. Фирма инвестициялык ишмердүүлүк менен алектенет жана 2014-жылдан тарта бюджетке салык төлөгөн эмес. 

10 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Ишкананын  директору — Досанов Нурбек Маликович. Турусматованын “Фейсбук” баракчасында алардын чогуу түшкөн сүрөтү бар.

11 Фактчек: Темировду колдоо акциясындагы провокаторлордун лидери аныкталды

Жыйынтык: Бишкекте журналист Болот Темировду колдогон жөө жүрүштү бузган провокаторлордун лидери – Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун №54-кварталынын башчысы Майрам Турсуматова. Ал буга чейин дагы провокациялык акцияларга катышып жүргөн. 

Булак: T-media