УКМК жеке менчик дарыкананын кампасын жапты

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жеке менчик дарыкананын кампасын жапты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, коррупция боюнча кылмыш иши бир катар фармацевтикалык компанияларга, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине карата тергелүүдө.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампасында тинтүү жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү дары-дармектер табылган. Жеке фирманын кампасы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн пломбаланды», – деп билдирди УКМК.

Белгилей кетсек, М-РАЙН компаниясынын кампасы борбор калаанын 5-кичи районунда жайгашкан. Оsoo.kg сайтынын маалыматы боюнча, компаниянын директору Фуат Алиев. Компания фармацевтикалык буюмдардын адистештирилген дүкөндөрүндө чекене соода менен алектенет.