
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай башталды. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келген.

Элдик курултайды башкаруу легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиевге тапшырылды.
Элдик курултай 1 074 делегаттан турат.
Анын ичинде:
452 айыл өкмөттүн ар биринен экиден (904 делегат);
облустук маанидеги 12 шаардан экиден жана райондук маанидеги 18 шаардан бирден (42 делегат);
Бишкек шаарынан 60 жана Ош шаарынан 30 (90 делегат).
чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;
конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.
Элдик курултайды өткөрүү милдети президенттин администрациясы менен иш башкармалыгына жүктөлүп, уюштуруу комитетине төмөнкүлөр кирген:
Сүйүнбек Касмамбетов — мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Бейшенбек Абдразаков — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Чолпонбек Абыкеев — президенттин кеңешчиси, «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Бекбосун Бөрүбашов — президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;
Замирбек Айтиев — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
Абдрахман Алымбаев (Байас Турал) — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Чолпонкул Арабаев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кубанычбек Дүйшеев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кадыралы Кошалиев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Билим Райымкулов — Кыргызстан адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Айбек Жунушалиев — президенттик администрациянын президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;
Мурат Үкүшов — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Мирбек Кожоев — президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Каныбек Туманбаев — президенттин иш башкаруучусу;
президенттин облустагы өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери.
Курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат.


