Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өтүп жатат

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш өтүп жатат.

Акция иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылгандан кийин уюштурулду. Ага 300гө жакын адам катышууда.

Акциянын катышуучулары Кемпир-Абад маселеси боюнча кармаган саясий туткундарды бошотууну, Кемпир-Абад суу сактагычын бербөөнү, сөз эркиндигине болгон кысымды токтотууну, ошондой эле иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтарууну талапк ылышууда.