Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Баткен районундагы чек арга жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 25-ноябрь күнү саат 10:30 чамасында Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан “БМВ-520” үлгүсүндөгү унааны текшерүү максатында токтотууга аракет жасашкан. Бирок милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбестен, унааны токтотпостон айдоочу качып, Баткен шаарынын аймагынан кармалган.

WhatsApp Image 2022 11 25 at 11.38.49 1 Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Андан соң унаасы Баткен РИИБдин короосуна киргизилген. Унааны текшерген учурда 6 чоң капка салынган ар биринде 500 даанадан жалпы 3000 күнүмдүк турмушта керектелүүчү каптар табылган. Бул каптарды каяктан чыккандыгын сураган учурда коңшулаш Тажикстандан чыккандыгын айтып, аткезчилик жол менен алып келгенин билдирген. Айдоочунун өздүгүн тактоо учурунда ал Баткен районунун тургуну 1983-жылы туулган Н.Ж. экени аныкталды.
Аталган факт Баткен РИИБде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 11 25 at 11.38.49 Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы