
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Армения Республикасына иш сапары менен келди.
Мамлекет башчысынын учагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.
Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.
Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.


