Журналист Болот Темировду милиция кызматкерлеринин коштоосунда Орусияга депортациялоо үчүн “Манас” аэропортуна алып барышууда. Бул тууралуу Булак. кжге өздүк булактар билдирди.
Темировдун жактоочусу да аныны аэропортко жеткирилгенин билдирди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана борбордун Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча комментарий бере элек, кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышты.
Журналистти Кыргызстандан чыгаруу чечимин бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды. Соттун чечими жарыялангандан кийин аны дароо милиция кызматкерлери күч менен имараттан чыгарып, белгисиз тарапка алып кетишкен.