Болот Темиров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сотко берет

Документи жасалма деп жалган жерден жалаа жапкандыгы үчүн Камбычек Ташиев менен Садыр Жапаровду сотко берип жатабыз. Бул тууралуу журналист  Болот Темиров Temirov Live ютуб каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында,  президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнү сотко бергени жатат. Ал бийлик төбөлдөрүн жалган жалаа жапканы үчүн сотко кайрылат.

Ошондой эле буга чейин дагы бир канча жолу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин үстүнөн сотко кайрылганын, ал ишти кабыл албай койгонун айтты.

Алардын айткандары расмий түрдө жетип турган жалгандык болгон үчүн, биз да алардан расмий түрдө жалган жалааны жокко чыгарууну талап кылабыз. Эртең, 23-ноябрь, саат 09.30да Бишкек шаардык сотунда сот иши кайрадан уланат. Андыктан Бишкек шаарынын апелляциялык сотуна журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырабыз. Сиздердин колдооңуздар абыдан маанилүү!”- деп жазды.

YouTube video