Журналисттердин жазгандарынын 90 пайызы негативби? Парламент спикеринин сөздөрүн текшеребиз

Бүгүн борбор калаада уюштурулган “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” тегерек столунун алкагында “Жалган маалыматтан коргоо” жана “Массалык маалымат каражаттары” тууралуу мыйзамдарды талкуулоо иш-чарасы болуп өттү.

Талкуу маалында парламенттин спикери Нурлан Шакиев маалымат сайттардын дээрлик 90 пайызы негатив маанайда жаза турганын айтты:

“Тилекке каршы биз коомдогу терс көрүнүштөрдү абдан көп, байма-бай чагылдырабыз. Маселен, интернет сайттардан баштап ТВ, гезит жана журналдарда болобу дээрлик 90% негатив жазылат. Мына азыр ушул мүнөт, ушул саатта ачып карасаңыздар жалаң бирөөнү карактап, зордуктап, өлтүрүп кеткен маалыматтар. Мындан улам кесптештеримден эмне үчүн ушундай болуп жатканын сурасам, эгер биз позитивди жазсак окулбайт, көрүлбөйт дейт”.  

Bulak.kg спикердин сөздөрүн текшерди.

2018-жылы “Институт Медиа Полиси” коомдук фондунун изилдөө тобу “Сорос Кыргызстан” фонду үчүн Кыргызстандагы медиасабаттуулук жөнүндө иликтөө жасап, отчетун жайгаштырган.

Ал иликтөөгө ылайык, маалымат агенттиктеринин контентинин жарымынан азын (47,7%) Кыргызстан жаңылыктары түзөт.

Буга сайттар чыгарган бардык жаңылыктар кирет.

Контенттин үчтөн бир бөлүгүн (32,6%)  – эл аралык жаңылыктар түзөт.

Сайттардын маалыматтарынын 15,5% көңүл ачуучу, ал эми 8,8% спорттук программаларга арналган.

Андан тышкары маалымат сайттары билим берүү (6,8%) жана дин тармагы (4,9%) тууралуу да жазат.

pasted image 0 Журналисттердин жазгандарынын 90 пайызы негативби? Парламент спикеринин сөздөрүн текшеребиз

Жыйынтык: жалган. Маалымат сайттары жазган материалдардын 90% негативдүү маанайда экендиги тууралуу айтылган сөз чындыкка туура келбейт.