Ошто экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Булак. кжге Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 2022-жылдын 14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында “Экстремист” аталыштагы ыкчам алдын алуу боюнча иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну, 21 жаштагы Б.М., аттуу жаран кармалган.


Ал жаран Интернет мейкиндигинде “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио/видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды интернет тармагы аркылуу жайылтып, диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты, Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде козголгон кылмыш иши козголгон.


Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.