Талас шаарында акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулду

«Альянс Алтын» компаниясы Талас шаарында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин айкелинин тургузулушуна башкы демөөрчү болуп 3 миллион сом бөлүп берди.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Талас облусунда акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленди. 90 жылдык мааракенин урматына Талас шаарына акындын айкели орнотулуп, чоң масштабдагы эскерүү иш-чара болуп өттү.

Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драм театрындагы эскерүу иш чарасына Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, академик Алтай Бөрүбаев, уулу Бахтияр Сарногоев баштаган акындын замандаштары, калемдеш жакындары, аны тааныгандар сөз сүйлөштү.

4900dc54 d385 404a b41d 2eda631207b8 Талас шаарында акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулду

Акындын 90 жылдыгын  өткөрүү боюнча демилгечи топтун жетекчиси, айылдаш иниси, коомдук-саясий ишмер, академик Алтай Бөрүбаев, акындын айкелин Таласка тургузуу үчүн 2016-жылдан бери аракеттер болуп, бирок ишке ашпай келгенин айтып, айкелди жасатуу чыгымын көтөрүп 3 миллион сом бергени үчүн Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылык билдирди: «Айкелди жасатууга көп каражат керек болгондугуна байланыштуу мен аксакалдарды чогултуп алып «Альянс Алтын» компаниясына бардым. Алар да биздин сунушту угушуп, айкелди жасатууга кеткен 3 млн сом чыгымды көтөрүп беришти. Ырахмат баарына», – деди Бөрүбаев.

52365eeb 94e2 4b45 bfbe d03561a9535a Талас шаарында акын Байдылда Сарногоевдин айкели тургузулду

 Компаниянын мындай каржылык колдоосуна акындын уулу Бахтияр Сарногоев дагы өз сөзүндө үй-булөсүнүн атынан ырахматын айта кетти: «Биз атамды дайым баалай билген окурмандарына, Талас элине абдан ыраазыбыз. Ар дайым эскерүү менен бирге ар кандай иш-чараларды уюштуруп келишет. Ал эми бүгүнкү айкелди тургузууда жардам берген «Альянс Алтын» компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Бул компания бир эле бизге эмес өлкөгө, Талас облусуна жардамын тынбай берип келгенинен кабарыбыз бар», – деп кошумчалады Бахтияр Сарногоев.

Эске сала кетсек, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас районундагы Кара-Ой айылында төрөлгөн. Акындын «Ак калпак», «Шумкар», «Ашуудан берген отчетум», «Байдылда» аталышындагы бир топ китептери чыгарылган.