Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 30-сентябрга карата 5 млрд 217 млн 88 миң долларды (418 млрд 384 млн 37 миң сомду) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүгө караганда, анын ичинен:
– 79,8% мамлекеттик тышкы карыз: 4 млрд 162,60 млн доллар (333 млрд 769,18 млн сом);
– 20,2% мамлекеттик ички карыз: 1 млрд 55,28 млн доллар (84 млрд 615,19 млн сом).
2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы + ички) республикалык бюджеттен иш жүзүндө 28 млрд 854,4 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүндү.
Алар:
– мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 19 млрд 511,1 млн сом;
– мамлекеттик ички карыз боюнча – 9 млрд 343,3 млн сом.
2022-жылдын январь-октябрында Кыргызстандын республикалык бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (МКВ жана МКО) иш жүзүндө 12 млрд 398,7 млн сом түштү.