Айжан Чаначева “Жер сулуусу-2022” сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти

“Жер сулуусу-2022” сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Айжан Чаначева Филиппинге учуп кетти. Бул туурасында ал өзү билдирип, узак убакыт бою даярдык көргөнүн белгиледи.

img 0001 1 Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти
Processed with MOLDIV

“Кыргызстан сулуусу” улуттук дирекциясынан маалымдашкандай, Айжан Чаначева дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн келген сулуулар менен атаандашат.

img 2382 Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти
img 2361 Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти

Сынактын биринчи баскычы 24-октябрдан 9-ноябрга чейин онлайн форматта өтүп, анда ар бир катышуучу өз өлкөсүн видео форматта тааныштырган. Эми Айжан Чаначева социалдык долбоорун, костюмдарын көрсөтөт.

“Жер сулуусу-2022” сынагынын жеңүүчүлөрү 30-ноябрда аныкталат.

Айжан Чаначева 2019-жылы “Кыргызстан сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү болуп, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган.

2022 11 12 09 24 26 606966 Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти
Айжан Чаначева