Эстрада ырчысы Бекжан Темирхан 10-ноябрда жол кырсыгынан каза болду. Ал отурган унаа оодарылып кеткенин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы 10-ноябрда саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, тагыраагы, Кеминде катталды.
Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Балыкчыга бара жатып рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Рулда У. уулу Т. болгон. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилди. Ал эми жанындагы жүргүнчүсү Бекжан Темирхан алган жаракатынан улам каза болду.
Ырчынын сөөгү туулуп-өскөн жерине жеткирилди. Бул туурасында маркумдун санаалаштары билдиришти