Айданбек Акматов камакта калтырылды

Бүгүн, 11-ноябрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралды.

Шаардык сот Биринчи май райондук соттун Акматовго карата чыгарган камакка алуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Акматов өзү сотто коюлган айыпты четке какты.

“Эгерде бизди соттой турган болсоңуздар Бөрүбашев жазган Баш мыйзамга чогулбагыла, жыйын өткөрбөгүлө деп жазып койгула”, — деди ал.

Айданбек Акматов 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин борбордогу №1 тергөө абагына камалган.

Акматов соңку мезгилде социалдык тармактар аркылуу саясий экономикалык темалар боюнча анализ жасап, бийликке альтернативдүү сунуштарын берип келген. Кумтөр кени,шайлоо мыйзамдары тууралуу көз карашын байма-бай жарыялап турган.

2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен 2021-жылкы парламенттик жарышка Кадамжай шайлоо округунан катышкан.