Темиров төкмө акындын кармалышы боюнча комментарий берди

Темиров Live редакциясынын акыны Болот Назаровго адвокат киргизилбей жатат. Бул тууралуу журналист Болот Темиров фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

«Болот Назаров жубайына тойго кетээрин, ал жерде ага «ат мингизерин», андан ары айтышка кетерин айткан. Бүгүн жылкы уурдап кетти деген маалымат келип жатат. Пресс-релизде ал бүгүн кармалганы айтылган, бул чындыкка дал келбейт. Ал кечээ кармалган жана ага жактоочусун киргизбей коюшкан.

Болот Назаровду 3 күндөн бери эч ким көрө элек, тергөө камак жайындабы же каякта экенин биз азырынча билбейбиз. Аны биз дүйшөмбү күнү эле издеп баштаганбыз», — деп жазат Темиров.

Ал төкмө акынды көргөндөр жана жогоруда сөз болуп жаткан тойго катышкан жарандардан кабар берип коюуну суранып кеткен.