Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады 

Бүгүн, 8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков КР Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал биргелешкен иштеги оң динамикага басым жасап, түрк тарапка КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктерин үйрөнүү, жаңы ыкмаларды киргизүү жана технологияларды полициянын ишмердүүлүгүнө киргизүү боюнча окууларды уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго КР ИИМдин Күзөт кызматынын оперативдүү башкаруу борбору, Санариптик колдоо борбору, ЖМК жана коомчулук менен иштөө боюнча ИИМдин басма сөз кызматынын модернизацияланган борбору, милиция кызматкерлери жана расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн конференциялар үчүн эл аралык кызматташтык залы менен иштөө боюнча көрсөтүлдү.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

6 2 Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады 
22 Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады 
10 1 Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады