Бишкекте орусиялык жаран бычакталды

Бишкек шаарында орусиялык жарандын бычакталган жансыз денеси табылды. Маалыматты Ленин РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүнөн жашы болжол менен 35-40 жаштагы бычакталган эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Милиция киши колдуу болгон кишинин ким экендигин аныктаган. Ал Россиянын 32 жаштагы жараны болуп чыкты. Аталган факт Ленин РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.