Дайынсыз болуп жаткан 3 жаштагы бала табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 3 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ленин РИИБден Вulak.kg басылмасына билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда милицияга 2019-жылы туулган баланын ата-энеси кайрылып, «Ош базарында» уулун таппай калганын айткан. Бала ошол эле күнү түнкү саат 11де аман-эсен табылган.

Учурда окуянын бардык жагдайлары териштирилип жатат.