
30-октябрда Таласта көк бөрү боюнча өлкө чемпионатында көрөрмандар мушташа кетти. Бул маалыматты Талас шаардык милициясы ырастады.
Мушташкандарды милиция кызматкерлери арачалаган.
Көк бөрү боюнча мелдеш Р. Алканов атындагы ат майданда 25-30-октябрь күндөрү болуп өттү. Кечээ мелдештин финалдык беттештери болгон.
Мелдештин жыйынтыгы:
Биринчи орун (чоңдор) — Талас;
Экинчи орун (чоңдор) — Чүй;
Үчүнчү орун (чоңдор) — Ош.
Биринчи орун (жаштар) — Чүй;
Экинчи орун (жаштар) — Нарын;
Үчүнчү орун (жаштар) — Талас.
Мыкты оюнчу (чоңдор): Кушчубай Илис уулу (Талас);
Мыкты аргымак: Көк-Мончок (Чүй);
Мыкты оюнчу (жаштар): Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);
Мыкты аргымак (жаштар): Арча-Тору (Нарын).