Орозайым Нарматова эки айга камалды

Орозайым Нарматова Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Адвокаттар мурдагы эл өкүлүнүн камалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп таанууну суранышты.

Тергөө судьясы Туратбек Бекенов кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, Орозайым Нарматованы эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов эки айга камалды.