
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмты билдирди.
Мамлекет башчысы «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кечинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;
— мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.