Соттон ооруканага түшкөн активист Талант Эшалиев үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү массалык баш аламандык уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деген шек менен кармалган саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Анын ичинде активист Талант Эшалиевди тез жардам унаасы менен сотко алып келишти. Анын инфарктка чейинки абалы жана жүрөк кемтиги бар экени айтылган. Дарыгерлер аны залдан кайра текшерүүдөн өткөрүштү.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин кармалган жаранды кайрадан тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Адвокат Тимур Жанаевдин айтымында, активист көп жылдардан бери жүрөк оорусунан жабыркап келет.

Маалым болгондой, буга карабастан сот Эшалиевдин сыртынан баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.