2022-жылдын 9 ай аралыгындагы 4 тоннага жакын баңгизаттар алынган

ИИМ: БМЖККК 2022-жылдын 9 ай аралыгындагы 4 тоннага жакын баңгизаттар алынган

Ички иштер органдарынын бардык ыкчам кызматкерлеринин жөндөлгөн ишинин жардамы аркасында үстүбүздөгү жылдын 9 айында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору алынган, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90% га көп.
Алардын ичинен Кызмат тарабынан 4 тоннага жакын баңгизаттар, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50% га көп.
Алардын ичинен:

  • героин – 9кг. 092гр.;
  • апийим –7кг. 811гр.;
  • гашиш –128кг. 424гр.;
  • марихуаны – 129кг. 260гр.;
  • каннабистин өсүмдүгү – 6кг 806гр.;
  • психотроптук заттар – 213кг. 907;
  • каннабисстин экстракты – 21кг. 641гр.;
  • каннабистин саманы – 6кг. 549 гр.;
  • прекурсорлор –3 тоннага жакын.

  • Кызмат тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болупт 410 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган.
    БМЖКККнын начальнигинин орун басары милициянын подковниги Нурлан Турусбеков тарабынан Ооганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технолгияларды пайдалануу менен, баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарыда баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча катар милдеттер жүктөлдү.
    Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулган. Мындан сырткары, өзүнчө башкармалыктардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ишмердүүлүктөрүндөгү кечмиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча мөөнөттөр коюлду.
WhatsApp Image 2022 10 21 at 13.28.20 1 2022-жылдын 9 ай аралыгындагы 4 тоннага жакын баңгизаттар алынган
WhatsApp Image 2022 10 21 at 13.28.19 2022-жылдын 9 ай аралыгындагы 4 тоннага жакын баңгизаттар алынган

ИИМдин Басма сөз кызматы