Чыңгыз Айдарбеков: Бүгүнкү кошоматчылар – эртеңки саткындар

Жогорку Кеңеш бул бийлик бутагы. Бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө катары депутаттар турушат. Эл бизге чоң үмүт менен карайт. Биздин тең салмактуу, адилеттүү чечимдерди кабыл алуубузду күтүп турушат. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин жыйыныда билдирди.

“Делимитация бул өтө сезимтал маселе. Туура, боордош мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды бекемдетишибиз керек. Бул чечим эки тарапка тең пайдалуу чечим алып келүүсү зарыл. Мурдатан эле боордош элибиз мен сууну бөлүшүп келе жатабыз. Дайыма ушундай болуп келген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев акылдуу, даанышман инсан. Анын мөөнөтүндө Өзбекстан чоң жетишкендиктерге ээ болду. Учурда ал өлкө укмуштуудай өсүү жолунда. Бирок кеп Өзбекстанда эмес, маселе ичибизде. 

Өткөн аптада өкмөт бизге келишимдин долбоорун алып келип, жактырылсын деп сурашты. Кагаздар толук берилбей, бизди шаштырышты. Ал күнү биз өзбек-кыргыз чек арасындагы айрым участокторду делимитациялоо боюнча өкмөттүн маалыматын угууну күн тартибине бекиткенбиз. 10-октябрда башка кагаз, ал эми, 11-октябрда башка кагаз келип түштү. Берилген кагаздарды, окубай туруп кайтарып бергиле деп жатышат. 

Ошого карабастан мен баардыгын регламенттин негизинде алып бардым. Комитеттин мүчөлөрүнө бардык маалыматты бердим. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү 3-пункт катары киргизилип коёлу деген сунушун айтты. Мен добушка койдум, себеби мажбурмун, биз коллегиялуу органбыз”, – деди Айдарбеков.