ИИМдин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов өлкө башчысынын сыйлыгына татыды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан быйылкы жылы “Мамлекеттик тилдин бир айлыгы” жарыяланган.

WhatsApp Image 2022 10 12 at 12.58.43 ИИМдин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов өлкө башчысынын сыйлыгына татыды


Аталган иш-чарага утурлай, ички иштер органдарында “Мамлекеттик тилдин бир айлыгы” уюшкандык менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү.


Улуттук тарых музейинде өлкө боюнча мамлекеттик тилдин бир айлыгы жыйынтыкталды. Иш-чарага Мамлекеттик катчы – Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы – Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов жана Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү жана бардык министрликтердин, ведомстволордун тил адистери, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, мамлекеттик тил боюнча орун басарлары, мектеп жана бала бакчалардын кыргыз тили мугалимдери жана методисттери катышты.

WhatsApp Image 2022 10 12 at 12.58.43 2 ИИМдин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов өлкө башчысынын сыйлыгына татыды


Мамлекеттик тилге салым кошкон айрым кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды. Аталган иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакуновго Кыргыз Республикасынын Президентинин Алкышын тапшырды.
Милициянын полковниги Айбек Орозакунов ички иштер органдарында мамлекеттик тилди жайылтуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү багытында маанилүү иштерди жасап, өз салымын кошуп келүүдө.

WhatsApp Image 2022 10 12 at 12.58.43 3 ИИМдин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов өлкө башчысынын сыйлыгына татыды


ИИМдин Басма сөз кызматы