Ошто унаа айдап качкан жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын 4-октябрында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгына 1969-жылы туулган С.М. аттуу жаран Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган арыз менен кайрылган, анда белгисиз адамдар саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы Ленин атындагы мектептин жанында токтоп турган “CHEVROLET LANOS” уурдап кеткен деп кайрылган.
Ошол эле күнү, Ош шаардык ИИБ тарабынан катталып, КР КЖКнын 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

WhatsApp Image 2022 10 07 at 14.22.26 Ошто унаа айдап качкан жаран кармалды


КР ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын ИИБ кызматкерлери менен биргеликте бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүшүп, анын натыйжасында Кара-Суу районунун ВЛКСМ айылында уурдалган унааны сатуу учурунда мурда соттолгон (уурулук үчүн) 1990-ж.т. Б.И. атту жаран кармалган.


Жеке текшерүү учурунда Б.И. жарандын чөнтөгүнөн буюмдук далил катары жогоруда көрсөтүлгөн унаанын ачкычы жана сатууга алдын алал алынган 10 миң сом табылган.


Учурда кармалган жаран мурда жасалган кылмыштарга карата аныктоо боюнча зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалган Б.И. КР ЖПКнын 98-беренесинин негизинде боюнча Ош шаарынын ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
ИИМдин Басма сөз кызматы