ФАКТЧЕК: Кыргызстандын учкучсуз учуучу аппараттарынан тажик жарандары жабыркады деген видео – фейк

Соцтармактарда жана мессенджерлерде Тажикстандын аймагында талкаланган объектилер жана өлтүрүлгөн жарандар тууралуу видео тарады. Бул окуялар кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстандын учкучсуз учуучу аппараттарынын соккусунан улам болгону айтылды.

Bulak.kg сайты бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерип чыкты.

Алепподогу мечит

Тасманын 0:47 секундунда талкаланган мечиттин сүрөтү чагылдырылган.

Издөө системасынан караганыбызда ал имарат дүйнөдөгү эң чоң жана эски курулуштардын бири – Омейяддардын мечити экени аныкталды. Ал Сириянын Алеппо шаарында жайгашып, 2013-жылы аскердик кагылыштар маалында талкаланган.

Интернационал айылы – Кыргызстан

Кадрда талкаланган имараттын жанынан күйүп кеткен эл ташыган бусту көрүүгө болот. Бирок, кызыгы бул кадрлар Тажикстанда тартылган эмес.  

2022-жылдын 23-сентябрында Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчилери жана журналисттер Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыр тарткан Баткен облусунун айылдарын көрүп келишти. Төмөндөгү сүрөттөр дал ушул сапарда тартылган.

Биз эки сүрөттү салыштырып окшоштуктарын таптык: биринчи сүрөттө көрүнүп турган базардын кире беришиндеги дарбаза, “ЭкоИсламикБанктын” баннери, имараттын экинчи кабатындагы терезелери менен балкону, балкон алдындагы тепкичтер, базардын алдындагы “арка”, аптека жана бетон блоктору экинчи сүрөт менен дал келип турат.

Демек, аталган сүрөт Лейлек районундагы Интернационал айылында тартылып, Тажикстанга эч кандай тиешеси жок экенин аныктадык.

Токмоктолгон Мотуев

Дал ушул Нурлан Мотуевдин сабалган видеосун жогорудагы тасманын авторлору куралдуу кагылыш малында жабыр тарткан тажик жараны деп жайгаштырышкан. Бирок, биз көрүп, билип тургандай, бул кадрлар 18-сентябрь күнү тартылган, анда белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко кабылган экс саясатчы Нурлан Мотуевди көрүүгө болот.

NASA спутниктери

Роликтин авторлору NASA космос агенттигинин сүрөттөрүнө шилтеме берүү менен 18-сентябрь күнү кыргыз тарап Тажикстандын Лахш районуна биринчи ок атканын айтышууда.

“Фейсбук” колдонуучусу Зебо Таджибаева ушундай айыптоосу менен бөлүшкөн.

Бирок, журналисттер бул маалыматты текшерип чыгып, жөнөкөй манипуляция экенин аныкташты.

Жыйынтык: фейк. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагалыштан Кыргызстандын учкучсуз учуучу аппараттарынан Тажикстандын жарандары жабыр тартып, имараттары талкаланганы тууралуу видео чындыкка дал келбейт. Видео бири-бирине байланышы таптакыр болбогон кадрлардан куралган.