Дары-дармектерди жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү боюнча кеңешме болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды.

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөгө алынып келинген дары-дармектерди эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафакттык продукцияны четтетүү үчүн кайсы дары-дармектер өлкөгө алынып келинип, 5 миңге жакын дарыкананын кайсынысында сатылып жаткандыгын көрүшүбүз керек.

Мындан тышкары, электрондук дары жазууну (электрондук рецепт) ишке киргизүү боюнча иштерди жайгаруу зарыл. Система фармацевтикалык компаниялар тарабынан айрым дары-дармектерди атайылап илгерилетүү факторлорун болтурбоо максатында дарыгерлер бейтаптарга кайсы дарыларды жазып бергенин каттап турушу керек», — деди Акылбек Жапаров