Баткенде эвакуацияланган 58 миңден ашык адам үйлөрүнө кайта баштады

Баткен облусу боюнча жалпы 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 69 776 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 158 жаран эвакуациялык пунктарда, 4 539 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы 24-сентябрда билдиргендей, 58 297 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Баткен облусуна жалпы 1404 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 207 тонна ӨКМ тарабынан, 990 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

Учурда кампада 206 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. Бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 13;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 64;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

1024x700x76d37b36 9477 4479 aae7 5443bdd16c26.jpg.pagespeed.ic.IIhmBVlqx Баткенде эвакуацияланган 58 миңден ашык адам үйлөрүнө кайта баштады
aa786b22 b5ba 4fdc b38a aac9d909267f Баткенде эвакуацияланган 58 миңден ашык адам үйлөрүнө кайта баштады
1024x747x232081a8 adee 4253 a0e8 ca1626112e9e.jpg.pagespeed.ic.oSvJbVItMM Баткенде эвакуацияланган 58 миңден ашык адам үйлөрүнө кайта баштады