Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.
Белгилей кетсек, светофорлор шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.
Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:
- Усенбаев – М. Куренкеев көчөлөрүнө;
- Ахунбаев – Тагай Бий көчөлөрүнө;
- Киев – К. Акиев көчөлөрүнө;
- Москва- К. Акиев көчөлөрүнө;
- Осмонкул-Куренкеев көчөлөрүнө;
- Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
- Фучик – С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
- Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
- М. Горький – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
- Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
- Профессора Зимы-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп
Ошондой эле, бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:
- Л. Толстой – М. Достоевский көчөлөрүнө;
- Уметалиев – Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
- Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
- Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
- Медеров – К. Тыныстанов көчөлөрүнө.
Транспорт департаменти кесилиштерде 7 транспорттук светофор объектисин курууга конкурс жарыялады:
- Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
- Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
- Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
- Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
- Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
- И. Ахунбаев – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
- Л. Толстой – М. Ауэзов көчөлөрүнө.
Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.