Баткенге башка өлкөлөрдүн элчилери жана журналисттер келди, – сүрөт

Баткенге башка өлкөлөрдүн атап айтканда, Улуу Британиянын элчиси жана журналисттер келди.

Алар Баткенде Тажикстандын агрессиясынан талкаланган инфраструктура менен таанышууда.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

551dfa2e 9047 4684 a737 f5a707ed5f94 Баткенге башка өлкөлөрдүн элчилери жана журналисттер келди, - сүрөт
f04752c2 fb15 4a7f 9e59 3833f27eddc4 Баткенге башка өлкөлөрдүн элчилери жана журналисттер келди, - сүрөт