Октябрь Урмамбетов Баткенде милициянын жумушун көзөмөлдөп жатат

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында ыкчам жыйын өткөрдү. Анда Баткен облусунун аймагында орун алган чек ара чырына байланыштуу бир катар тапшырмаларды койду.


Октябрь Урмамбетов Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорундагы окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүдө кылдаттык менен мамилеси жасоо зарылдыгын белгиледи. Куралдуу кагылышууга байланыштуу провакациялык аракеттерге жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуация болгондордун мүлкүнө карата уурулук жана талап-тоноочулукка каршы иштөөнү тапшырды. Каргашалуу окуядан жабыр тарткан айылдарга сапердук топтордун кароосунан кийин жергиликтүү тургундарды киргизүүнү, ага чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин алып баруу керектигин айтты.

Эл менен болгон мамиледе сылык болууну, кызматтык тартипти сактоону буюрду.

WhatsApp Image 2022 09 21 at 09.42.24 Октябрь Урмамбетов Баткенде милициянын жумушун көзөмөлдөп жатат


Азыркы учурда Баткен облусунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ошондой эле Ош шаарынын, Ош облусунун жана Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлеринен турган күжүрмөн топтор кызмат өтөшүүдө.

WhatsApp Image 2022 09 21 at 09.42.25 1 Октябрь Урмамбетов Баткенде милициянын жумушун көзөмөлдөп жатат

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы