Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан. Анда Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто Садыр Жапаров менен жолугушууга даяр экенин билдирген.

x00ab0000 0a00 0242 3df3 08d99d35f902 w1080 h608 s b.jpg.pagespeed.ic .89IVw5Lj1h Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат