ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов менен ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Дамир Алыбаев Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде орун алган куралдуу чыр-чатактан курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө барышты.


Куран окулган соң, ички иштер министринин орун басары курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнө кайрылып, “Биз Мекенин коргоп, өз өмүрлөрүн арнаган өлкөнүн чыныгы уулдарын жоготтук. Бардыгыбыз аза күтүп жатабыз”,-деди өз сөзүндө.

Андан сырткары, ал мамлекет курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар дайым көңүл бура турганын билдирди.

WhatsApp Image 2022 09 20 at 09.24.24 1 ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти
WhatsApp Image 2022 09 20 at 09.24.25 1 ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти
WhatsApp Image 2022 09 20 at 09.24.27 ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти
WhatsApp Image 2022 09 20 at 09.24.25 ИИМдин жана Ички аскерлердин жетекчилиги курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесин эскеришти

ИИМдин Басма сөз кызматы