Бүгүн, 20-сентябрдан тарта Баткен облусунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара тилкелериндеги жарылбай калган мина, снаряд, ок-дары жана башка жарылуучу заттарды табуу жана зыянсыздандыруу иштери башталат.
Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчалып, кайтарууга алынат. Буга байланыштуу Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.