Аскар Акаев: Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселелерин күч чечүүнү максат кылып алган

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча билдирүу жасады.

Ал билдиргендей, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу кокустан болгон жок, ал алдын ала пландалган жана даярдалган агрессия акты болууда.

Акаев Тажикстандын баскынчылыгына каршы туруп, Мекенинин чегин, эгемендигин коргоп каза болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Ал Кыргызстандын чек арачылары Кыргызстанга кол салып келген Тажикстандын аскерлерине катыгын берип, бир ууч топурак жерди да баскынчыларга бербегенин айтып өттү.

Ал бул жүзүкаралык кол салууда Тажикстан тараптан танктар, учактар жана жапырт аткылоочу ракеталык системалар колдонулганын жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул нерседен кабарсыз болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ошондой эле Акаев Тажикстандын президенти Кыргызстан менен чек ара маселелерин күч чечүүнү максат кылып алган деген ойдо.

Ошол эле учурда ал Тажикстанда жарандык согуш болгон оор күндөрдө Кыргызстан коңшу мамлекетке ар тараптан жардам бергенин эске салып өттү.

«Президент Эмомали Рахмон жакшылыкты билбеген улут лидери болуп чыкты. Ал 30 жыл мурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, мамлекеттүүлүгү үчүн эң кыйын учурда Кыргызстан жана кыргызстандыктар боордош тажик элине эң чоң жардам жана колдоо көрсөткөн – саясий, моралдык жана гуманитардык», — деди ал.

Акаев Эмомали Рахмондун Кыргызстан жана кыргыз элине жасаган агрессиясы үчүн Кудай жана боордош Тажикстан эле өзү жазасын берерине ишенерин билдирди.

Сөз аягында ал Кыргызстандын жарандарын ынтымакка, өлкөдө социалдык-саясий туруктуулукту сактоого чакырды.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш болуп, Кыргызстан тараптан 59 киши каза болуп, жабыркандардын саны 183тү түзөт.