Кагылышта жабыр тарткандардын саны 183 адамды түздү

Саат 22:00гө карата саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 183 адамды түзсө, анын ичинен 21 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

306832127 610715057303010 5360365032673511355 n 1200x630 1 Кагылышта жабыр тарткандардын саны 183 адамды түздү

162 адам ооруканада дарылануусун улантууда.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (103 жабырлануучу).

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.