Тажикстан Кыргызстанга куралдуу агрессия жасады, – ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү таратты.

Министрлик Кыргызстандын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан тарабынан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалайт.

Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 18-сентябрга карата Кыргызстандын 46 жараны каза таап, 140 жараны жарадар болду. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болду. Аны менен бирге эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилди.

Биз тажик тараптын «Тажикстанга куралдуу агрессия жасалды» деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргызстандын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны жүргүзүүдө.

«Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы агрессиясынын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр. Тажикстан БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузган», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, Кыргызстан бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, бир гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргыз тарабы тажик тараптан Кыргызстандын аймагына кол салуу боюнча ишке ашкыс пландарынан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууну көздөгөн максаттарынан баш тартууну талап кылат.

Мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып келип, куралдуу күчтөрдү жана оор аскердик техниканы колдонуп, чек ара жана жарандык объектилерге, Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салып, Баткен шаарынын райондук борборун аткылаган Тажикстандын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видео материалдар бар).

Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку макулдашууларга карабастан, тажик тарабы чагымчыл аткылоолорду улантып, Кыргызстандын Баткен районундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз.

Тажик тарабынын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун духуна каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракеттер болуп саналат.

Тажик тарабынын туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрүнүн жаңжалга активдүү катышуусу өзгөчө тынчсызданууну жаратат.

Тажик тарабынын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, тажик тарабы баштаган жаңжал карапайым калктын, аскер кызматкерлердин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян алып келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тек гана тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылчылыгын дагы бир жолу ырастайт.