36 метрлик көпүрө тажикстандык аскерлер тарабынан жардырылган учур

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун 7-чакырымындагы 36 метрлик көпүрө тажикстандык аскерлер тарабынан жардырылган учур видеого түшүп калган.

Аталган көпүрөнү Тажикстан тарап 16-сентябрда жардырган.

Ак-Суу дарыясындагы бул көпүрө аркылуу эл дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү товарларды алып өтүп турган.