Нурлан Мотуевге кол көтөргөндөр табыла элек

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевге кол көтөргөндөр анын Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 32 миң сом накталай акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 18-сентябрь күнү саат 12:30дар чамасында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук мечиттин алдында болгон. Анда белгисиз жарандар Мотуевге эч себепсиз кол көтөрүшкөн.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарында белгисиз адамдар мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевди сабап кетишкенидиги тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Окуяга күбө болгондор учурду видеого тартып үлгүргөн эмес.