Баткенде канча обьект күйүп кеткени айтылды

Баткен облусунда 282 турак жай, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык жана 300 тиричилик объектилери жабыркап, 9 унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 18-сентябрдан тарта Баткен, Лейлек райондору жана Баткен шаарында келтирилген чыгымды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп баштаган.

«Сан өзгөрүшү мүмкүн. Комиссия өз ишин улантууда», — деди ал.