Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда элге кайрылуу жасап жатып билдирди.
«Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил.
Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин колдоп бериңиздер. Кадырман калайык-журтум! Бир болсок, ынтымактуу болсок баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз. Ынтымагыбыз чыңдалып, биримдигибиз бекемделе берсин! Кан Манастын тукумубуз деген демибиз өчпөсүн! Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ачык, Баткен жергесинде дайыма тынчтык болсун!”,-деди өлкө башчы.