Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясынын Котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Белгилүү тележурналист Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылы 20-февралда Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн.
1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин «Ала-Тоо» студиясында, андан кийин социалдык-экономикалык студиясында продюсер болуп иштеген.
Улуттук каналдын вице-президенти кызматын аркалап турган.
Өмүрүнүн аягына чейин Котормо студиясын жетектеген.
Вulak.kg редакциясынын эмгек жамааты туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.