
Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, чек ара маселесин карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө төрага Талант Мамытов “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган.
Белгилей кетсек, жыйын жабык эшик артында өтөт.