Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды

Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды

15-сентябрь күнү Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды. Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышты.

WhatsApp Image 2022 09 16 at 07.35.03 1 Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды

Заманбап милициянын аймактык пунктунун курулушу Тоң районунун өнүктүрүү фондунун жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн эсебинен бүткөрүлдү.

Учурдун талабына толук жооп берген милициянын аймактык пункту Бөкөнбаев айылынын борборунда орун алып, район тургундарын жана меймандарын кабыл алуу, коомдук коопсуздукту сактоо жана жарандарга өз мезгилинде жардам көрсөтүү үчүн толук ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

WhatsApp Image 2022 09 16 at 07.35.03 2 Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды
WhatsApp Image 2022 09 16 at 07.35.03 Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды
WhatsApp Image 2022 09 16 at 07.35.05 Бөкөнбаев айылында жаңы милициянын аймактык пункту ачылды

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы