ИИМ: Адылбек Бийбосуновдун Ысык-Көл облусунун калкы менен жолугушуусу башталды
15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусунун калкы менен жолугушуусу башталды.
Алгачкы жолугушуу Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жана Тоң районунун тургундары менен болуп өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө жер тилкелерин трансформациялоо, инфраструктуранын, социалдык объектилердин абалына байланыштуу маселелер, ошондой эле укук коргоо жана көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов белгилегендей, бул сыяктуу аймактагы калк менен жолугушуулар курч маселелерди чечүүгө багытталган, ошол эле учурда алардын чечилишин ыкчамдатууга мүмкүндүк берет.
«Жарандарыбыздын Баш мыйзамы менен каралган укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча суроолорго, ар бир көтөрүлгөн көйгөйлөргө жооп берилет. Ар бир кайрылуу министрликтин жетекчилигинин жеке көзөмөлүмдө болот», – деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелер боюнча жыйынтыктуу маалыматтарды берүү үчүн жарандарга жеринде тийиштүү жоопторду жана кеңештерди беришти.
Эске салсак, өлкө аймактарында эл менен жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы