“Мен силерге жүгүнбөйм, куспайм”: Азимбек Бекназаров бийликке кайрылуу жасады

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров бийликке кайрылуу жасады.

Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Анын видеокайрылуусу «nazarnews» агенттигинин ютуб каналына жайгаштырылды.

Ал уулу Руслан Бекназаровду милиция алып кеткенинен улам кайрылуу жасоону чечкен. Бекназаров өз сөзүндө уулунун үйү тинтүүгө алынганын билдирген.

«Бул жагдайды менин силерге, силердин жасап жаткан иштериңерге болгон ачык билдирүүмдүн кесепети деп ойлойм. Себеби баары окшошуп жатат.

Менин маегимден кийин силер эмоционалдык менен чечимге келип териштирбей туруп Малайзия менен Кыргызстан ортосунда диалог түзө алган жок деп указ чыгардыңар. Эми мен келип маалымат жыйын куруп андай эмес деп, документтер менен журналисттерге айткандан кийин күчүңөр менин уулума жетти. Урматтуу эки иним, силер муну менен мени чөгөлөтүү позициясын көздөп жатасыңар. Башкаларга окшоп мен силерге жүгүнбөйм, куспайм. Мени өлтүрүшүңөр мүмкүн, мени камашыңар мүмкүн. Бирок мени өлтүрсөңөр да менин арбагым силерди алып түшөт, мени карасаңар да мен түрмөдө жатып күрөшөм. Менин болгон күчүм чындыкта», — деди Бекназаров.

Уулу Русландын эскстремизмге шектелип, сурак берип жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

“Менин үй-бүлөм мындан оор күндөргө чыдаган. Русланды динге байланыштуу камап, кудайга дагы күнөөкөр болушту”, – деди Бекназаров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын 14-сентябрда маалымдалган. Милиция мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

YouTube video