Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган

УКМК: Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө «ТР-КР» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды – афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.


2022-жылдын 8-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган, алардан – жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

fd3516f3 0ca4 4aef 8b2d 66b58d0352ab Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган
76b4e9cf b3f2 441f ae6d 2b51f65f65d0 Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган
b37f2a12 d671 4297 a81f e38663963ae2 Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган