Кыргызстанда ушул жылдын 7 айында окуучулар арасында өз жанын кыюу боюнча 53 факты катталды

Кыргызстанда ушул жылдын 7 айында окуучулар арасында өз жанын кыюу боюнча 53 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында,  бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөнүрөөк. Былтыр 57 факт катталган.

“Ата-эне, мугалимдер тарабынан балдардын өмүрлөрүнө көңүл бөлүнбөй, үй-бүлөдөгү мамилелердин начар болушу балдарга терс таасирин тийгизүүдө.

Мындан  улам балдар арасында өз өмүрүн кыюу фактылары орун алууда. Алсак, 2022-жылдын 7 айында 53 өспүрүмдүн өз жанын кыюусу катталган. Алардын 34ү эркек балдар 19у кыздар болгон. Бардыгы мектеп окуучулары ”, — деди минисирдин орун басары.